понедельник, 18 мая 2015 г.

КРнын мамлекеттик жана муниципалдык 25 кызматкери тажрыйба алмашуу үчүн КЭРга барат

КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров КЭРнын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Ци Даюй менен жолугушту.
         Жолугушуу КЭРнын КРдагы элчиси Ци Даюйдун чакыруусу менен КЭРнын элчилигинде болуп өттү.


Жолугушууда КРПМБА менен Кытайдагы жогорку окуу жайлардын кызматташтыгы, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу алкагындагы кызматташтык, ошондой эле биргелешип иштей турган пландарды иш жүзүнө ашыруу боюнча талкуу болду.
  КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров элчи менен болгон жолугушууга ыраазычылык билдирип, Кытайдын маданият күндөрүн КРПМБАда өткөрүүгө даяр экенин белгилеп кетти.
«Биз коңшулаш мамлекет катары, студенттердин, окутуучулардын жана эксперттердин тажрыйба алмашуу механизмин, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу боюнча иштерди жөнгө салышыбыз керек», деди А. Насыров.
КЭРнын КРдагы ыйгарым укуктуу элчиси Ци Даюй КРПМБАнын жамаатынын жакшы иштерин баса белгилеп, мындан ары дагы билим берүү жана илим тармагында активдүү кызматташууга даяр экенин кошумчалады.
 Жолугушуунун жыйынтыгында, КРнын мамлекеттик жана муниципалдык 25 кызматкерин КЭРдагы тажрыйба алмашуу жана семинарлардын өткөрүлүшү программасы боюнча уюштурулган окууга жиберүүгө макулдашуу жүрдү.

  


Комментариев нет:

Отправить комментарий