воскресенье, 17 мая 2015 г.

КРПМБАда мамлекеттик кызматкерлер үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары өтүүдө

КРПМБАнын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге кошумча билим берүү институту 2015-жылдын 12-майынан баштап мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн «Жемкорлукка каршы саясат. Профессионалдуу этика. Гендердик жакындоо», «Башкаруу, мониторинг жана мамлекеттик программанын өнүгүшүнө баа берүү», «Мамлекеттик саясатты иш жүзүнө ашыруу жана иштеп чыгуу, талдоо (аналитикалык документтерди даярдоо)» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюмдаштыруу укуктук негиздери. Муниципалдык кызматтардын укуктук негиздери» деген темалар боюнча курстарды өткөрүп жатат.


         Окутуу төрт облусту камтыйт: Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас жана Бишкек шаарын.

         Курстун угуучуларына жетекчилер, мамлекеттик органдардын алдында бөлүнгөн структуралык адистер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу катчылары кирет. Курстун тематикасы ар түрдүү. Мисалы: Бишкек шаарындагы, Жалал-Абад, Баткен жана Таластагы мамлекеттик органдардын алдында бөлүнгөн структуралык жетекчилер үчүн «Башкаруу, мониторинг жана мамлекеттик программанын өнүгүшүнө баа берүү», «Мамлекеттик саясатты иш жүзүнө ашыруу жана иштеп чыгуу, талдоо (аналитикалык документтерди даярдоо)» темалары боюнча окутуу жүргүзүлөт. 

         Ал эми Бишкек шаарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу катчыларына «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюмдаштыруу укуктук негиздери. Муниципалдык кызматтардын укуктук негиздери» деген темаларда курстар өткөрүлөт.  

         Ошондой эле Ош, Жалал-Абад облустарынын угуучулары «Жемкорлукка каршы саясат. Профессионалдуу этика. Гендердик жакындоо» темасы боюнча курс алышат.

         Бул курстар 2015-жылдагы (КР Өкмөтүнүн буйругу менен 31.12.2014-ж. №632-р) Мамлекеттик буйрукту ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу курстары өткөрүлүп жатат.

 




     

  




Комментариев нет:

Отправить комментарий