среда, 13 мая 2015 г.

КРПМБАда диний экстремизмди алдын-алуу үчүн Бишкек шаарындагы жергиликтүү милициялар үчүн курстар өтүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясында 2015-жылдын 12-майынан 25-майына чейин «Диний экстремизм. Негизги түшүнүктөр. Бишкек шаарындагы диний кырдаалды талдоо» деген темада Бишкек шаары боюнча жергиликтүү милиция инспекторлоруна кыска мөөнөттөгү курстар өтүүдө.



Бул курс Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен биргеликте КРПМБАнын Кошумча билим берүү институту жана 2014-2020-жылдарга арналган дин тармагындагы мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашырууну колдоо ирээтинде алардын кесиптик кызматына тиешелүү болгон диний радикализм жана экстремизм маселелери менен мамлекеттик органдардагы кызматкерлердин укуктук компетенттүүлүгүн камсыз этет.
Аталган курстар Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын демилгеси менен иштелип чыкты. Бул иш-аракеттер экстремизмге жана башка деструктивдүү көрүнүштөрдү алдын-алуу максатында өткөрүлүп жатат.






Комментариев нет:

Отправить комментарий