воскресенье, 17 мая 2015 г.

КРПМБАнын ректору Алмаз Насыровдун студенттик гезиттин биринчи номерине айткан куттуктоо сөзү


Урматтуу окурмандар!

Кымбаттуу достор!


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын студенттик гезитинин биринчи жолку жаңы чыгарылышы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!


          Студенттик гезиттин чыгышы баардыгыбыз үчүн маанилүү жагдай жана биздин Академиянын стратегиясынын өнүгүшүндөгү дагы бир жакшы көрүнүш катары эсептелет.
         Бүгүнкү күндө Академияны заманбап үлгүдөгү кадыр-барктуу окуу жайга айлантууга аракеттер жүрүүдө, ошондой эле биз билим берүү жана илимий жактан бекем позицияны карманабыз.      
         Академиянын кадыр-баркы деген эмне? Академиянын кадыр-баркы: бул илимде инновациялык заманбап башкаруучулук жана мыкты жетишкендиктер; бул күчтүү билим жана биздин студенттердин окууларында, спортто жана коомдук жашоолорундагы ийгиликтери; бул креативдүү студенттердин демилгелери, социалдык турмуштагы жардамга муктаж адамдарга көрсөткөн кайрымдуулук акциялары, жарандарга жагымдуу көз ирмемдерди тартуулоо жана жакшылыкка үмүттөндүрүү; бул биздин волонтерлор – идея жаратуучулар жана активдүү жардамчылар; бул биздин бүтүрүүчүлөрдүн – мамлекеттик башкаруучулардын жогорку квалификациялангандыгы, элге керектүү адам болушу, азыркы кыйын замандагы чакырыктарга ыкчам, жөндөмдүүлүк менен жооп берүүсү.
           Жаңы студенттик гезит биздин кадыр-баркыбыздын барометри болууга тийиш жана Академиянын өсүү-өнүгүү жолуна салым кошуп, биздин ийгиликтерди туура көрсөтүп чагылдырган күзгү болушу керек.      
Гезиттин жамаатына бекем ден-соолук, жетишкендиктерди, оптимисттикти жана баардык ойлордун аткарылышын каалайм! Силердин жандүйнөңөрдө дайыма чыгармачылык, эркиндик жана идеялар жашасын!
Бүгүнкү жаңы кадамыңар – алгачкы ийгиликтердин башаты болсун!

Ректор А.Насыров


Комментариев нет:

Отправить комментарий