среда, 13 мая 2015 г.

КРПМБАда «Санжыралуу Сармерден» деген аталышта студенттер арасында кыз-жигиттин таймашы болду



2015-жылдын 12-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясында 1-курстардын ГМУ-4-14 жана ГМУ-5-14 тайпаларынын ортосунда «Санжыралуу Сармерден» деген аталыштагы кыз-жигиттин таймашы болуп өттү. 

Биринчи курстардын ортосунда алгач ирет өткөрүлүп жаткан бул таймашта кыздар тарап менен жигиттер тарап манас айтуу, комузда күү чертүү, кыргыз макал-лакаптары, жаңылмач айтуу, улуттук оюндарды көрсөтүү, табышмак табуу жана обондуу ыр, бийлерди аткарып, өнөр сынашты.
Ата-бабадан келе жаткан каада-салтты, үрп-адатты чагылдырган бул маданий иш-чараны калыстар тобу баамга салып, байкап отурушту. Академиянын студенттери бир гана окуудан ийгилик жаратпастан, өнөр сересинде дагы мактоого татыктуу экенин баса белгилеп кетишибиз керек. Таймаштын жыйынтыгында эң мыкты даярдыкта келген жигиттер тобуна калыстар тобу жогорку баа берип, жигиттерди жеңиши менен куттуктады.     




























Комментариев нет:

Отправить комментарий