среда, 6 мая 2015 г.

КРПМБАда Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгына карата ректордун кубогу үчүн теннис турнири өттү

 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгына карата ректордун кубогу үчүн теннис боюнча турнир өттү.   


КРПМБАнын ректорунун кубогу үчүн өткөрүлгөн теннис боюнча турнирдин максаты - студент жаштардын арасында дене-тарбия жана спортту даңазалоо, дени сак жашоо образын калыптандыруу аркылуу физикалык жана руханий жакты өнүктүрүү.
Турнирге жалпысынан Академиянын 23 студенти катышты. Жеңүүчүлөр грамота, медаль жана баалуу сыйлыктарды алышты.
Теннис боюнча ректордун кубогу үчүн ойногон жеңүүчү командалар;

Мырзалар командасы:
1-орун КРПМБАнын магистранты - Орозалиев Анарбек
2-орун -  ГМУ 3-13 Кутбидинов Мырзаулук
3-орун - ГМУ 2-13 Момунов Тилегей
3-орун - ГМУ 1-13 Рысматов Азамат

Айымдар командасы:
1-орун – 2-курстун студенти - Алтынбек кызы Жибек
2-орун - 2-курстун студенти - Кулматова Жанара.

Кошумчалай кетсек, теннис боюнча иш-чаранын уюштуруучусу ГМУ 2-13 студенти Айтмырзаев Санжар.









Комментариев нет:

Отправить комментарий