среда, 13 мая 2015 г.

КРПМБАнын студенттери Токмок шаарындагы балдар үйүнө кайрымдуулук көрсөтүштү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын студенттери Токмок шаарындагы «Бейкут үйү» жана «Балдар үйү» деген балдар үйүнө кайрымдуулук акциясы менен барышты.  


            2-курстун 30га жакын студенттерин окутуучу Мадина Ботбаева жетектеп барды. Алар балдар үйүндөгү бөбөктөргө оюнчуктарды, китептерди таттууларды жана кийим-кечектерди беришти.
         Мындан сырткары, студенттер эки балдар үйүндөгү 50дөн ашык бөбөктөргө концерт тартуулап, көпчүлүк менен ойнолуучу кызыктуу оюндарды ойношту.
















Комментариев нет:

Отправить комментарий