четверг, 7 мая 2015 г.

КРПМБАда Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгына карата майрамдык концерт өттү



Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясында 7-май күнү Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгына карата концерттик программанын коштоосунда майрам уюштурулду. Бул иш-чараны КРПМБАнын Карьера борборунун директору Эльмира Турсунова жетектеп, аны менен бирге модераторлук кылды.

 Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору Алмаз Насыров куттуктоо сөзү менен ачты. Өз сөзүндө ректор майрамга чакырылган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине денсоолук, узак өмүр каалап, аларга атайын даярдалган белектерди тапшырды. Ошондой эле жалпы катышуучуларга тынчтык, бакубат жашоо каалады.
Кийинки сөз Ардагерлер кеңешинин төрагасы, Советтер Союзунун генерал-майору, КРнын Эмгек сиңирген юристи, Манас орденинин ээси Жээналиев Токтожума аксакалга берилди. Ал өзү согушка катышпаса дагы, согуш убагында тылда эмгек кылганы, согушта жүргөн катышуучуларга ок-дары, курал-жарак, кийим-кече камдашканы тууралуу эскерип берди.
 «Согуш маалында мен алты жаштагы кичинекей бала элем. Өзүм согушка катышпасам дагы тылда иштеп, согушта жүргөн баардык катышуучуларга керектүү оокаттарын камдап берчүбүз. Биз көргөн азапты, оор күндөрдү силер көргөн жоксуңар жана көрбөй эле койгула. Согуш кыргыз элине гана эмес көптөгөн улуттарга оор жоготуу алып келген. Ал учурда сен орус, сен казак, сен өзбек деген бөлүнүү болгон эмес. Ушундай ынтымактын аркасы менен жеңиш келген», - деди Жээналиев Токтожума аксакал.
«Евразийцы – новая волна» фондунун президенти А.Ю.Федорович да Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктап, аларга жылуу сөздөрүн айтты.
   Концерттик программанын жүрүшүндө Академиянын студенттери: М.Мукашева, А.Султангазиев, Ш.Кадырова, Н.Абдигапаров, Т.Эшмырзаева, Р.Бостонова, Б.Усеналиев өздөрүнүн жеке номерлери менен чыгып, согуш тууралуу ырларды, көркөм окуу, монологдорду аткарышты. Концерттик программанын соңунда катышуучуларга «Саманчынын жолу» көркөм тасмасы көрсөтүлдү.  





















 



Комментариев нет:

Отправить комментарий