пятница, 22 мая 2015 г.

КРПМБА мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү Аймактык байланышка толук кандуу мүчө болду

2015-жылдын 21-майында Астана шаарында VII Астана экономикалык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясы (КРПМБА) менен Астанадагы (Аймактык байланыш) мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү аймактык байланыштын Башкаруу комитети кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюшту.   


Меморандумга КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров жана Аймактык байланыштын төрагасы Алихан Байменов кол койду.
Эки тараптын ортосундагы документте мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик кызмат жана илим изилдөө алкагында биргелешип аракеттенүүнүн негизинде кызматташтык түзүү көрсөтүлгөн.  
КРПМБА жана Аймактык байланыш биргелешип билим берүү жана илимий-изилдөөчүлүк иш-чараларды иш жүзүнө ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карайт. Мындан сырткары, окутуучулар жана илимий кызматкерлер үчүн изилдөөлөр, лекциялар жана талкуулар каралат.  
         Астанадагы мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү Аймактык байланыш 2013-жылы түзүлгөн. Учурда аталган байланышта 25 өлкөнүн катышуучулары (Европалык Союз, АКШ, Турция, Япония, Корея, Кытай, Индия жана КМД) жана эл аралык уюмдардын бешөөсү бекитилген. Акыркы убакты бул байланыш жылдан-жылга кеңейип келатат, учурда 30га жакын мамлекеттер жана уюмдардын катышуучулары катталган.



Комментариев нет:

Отправить комментарий