пятница, 22 мая 2015 г.

КРПМБА чет өлкөдө магистрдик программа боюнча окутуу үчүн сынак жарыялайт

Урматтуу бүтүрүүчүлөр! КРПМБАнын Эл аралык байланыш жана уюштуруу иштери боюнча бөлүмү баарыңарды өзгөчө маанилүү күн болгон –Академияны бүтүшүңөр менен куттуктайт. Силердин жашооңорго жана профессионалдуу кадамыңарга жаңы жетишкендиктерди жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайт!    


Алдыда – турмушка чоң кадам таштаган өз алдынча жашооңор турат. Биз ишенимдүү айта алабыз, силер Академиядан сапаттуу билим алдыңар, чыгармачылык жөндөмүңөрдү көрсөтө алдыңар жана өзүңөрдүн көз карашыңарды тартынбай билдиргенди үйрөндүңөр. Бул силердин келечектеги турмушуңарда колдоно турган дараметиңер жана ийгиликке жетишкениңер.
Силер мындан ары токтобостон, өзүңөрдүн билимиңерди иш менен улантаарыңарга толук ишенебиз. Академиянын чоң жетишкендиги - эл аралык кызматташтыктын алкагында чет өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайлары менен кызматташуусу. Силердин Россия Федерациясынын федералдык бюджетинин эсебинен алдыңкы окуу жайлардан магистрдик программа боюнча окууңарды улантууга чоң мүмкүнчүлүгүңөр бар.  
Учурда КРПМБАнын Эл аралык байланыш жана уюштуруу иштери боюнча бөлүмү чет өлкөдөгү магистратурага тапшырууну каалагандардын тизмесин түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Академияны бүтүргөн ар бир бүтүрүүчү конкурска катышуу үчүн билдирме (заявка) жөнөтсө болот. Жакшы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбагыла!
Кошумча суроолор үчүн 622232, 622737 телефон номерлерине чалсаңыздар болот. Же direo.kg@gmail.com дарегине кат жазгыла.





  

Комментариев нет:

Отправить комментарий