среда, 27 мая 2015 г.

Кыргызстан - дүйнөлүк аренага бренд боло алат

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын Тилдерди окутуу борбору 2015-жылдын 26-майында Жогорку окуу жайлар арасында «Кыргызстан - дүйнөлүк аренага бренд боло алат» деген темада тегерек стол өткөрүштү. Тегерек столго БГУ, КЭУ жана КРПМБАнын студенттери катышты.


         Тегерек столдун негизги өзгөчөлүгү – катышуучулар жалаң англис тилинде сүйлөгөндүгүндө болду. Бул иш-чара Академияда экинчи ирет өткөрүлүп жатат. Жалпысынан иш-чарага төрт команда катышып, алар кызыктуу суроо-жоопторду, жаңы идеяларды, сунуштарды талкуулашып, келечекке болгон көз караштарын англис тилинде эркин айтып бергендери угуучулардын көңүлүн бурдурду.
         Баса белгилеп кетчү жагдай, тегерек столго катышкан 4 команданын баардыгы тең берилген теманын алкагында активдүү даярданышканы көрүнүп турду. Бул иш-чараны уюштурган Тилдерди окутуу борборунун окутуучусу Майрам Саламатовна студенттердин окууларына ийгилик каалап, бүгүнкүдөй тегерек стол мындан ары да жогорку деңгээлде өтөөрүн белгилеп кетти.

  

















          
   



Комментариев нет:

Отправить комментарий