вторник, 12 мая 2015 г.

КЭР КРдагы элчиси Ци Даюй КРПМБАда ачык лекция окуйт



Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясында 2015-жылдын 15-май күнү Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Ци Даюй ачык лекция окуйт.  

         Иш сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Ци Даюй мырза «Жибек жолунун жана 21-кылымдагы деңиз Жибек жолунун экономикалык аймагындагы биргелешкен курулушу. Биргелешип өнүктүрүү жана өстүрүү жолу» деген темада ачык лекция окуйт.
Иш-чара 2015-жылдын 15-майында саат 10:00дөн 11:15ке чейин КРПМБАнын 3-корпусунун №208 конференц-залында болот. Дареги: Панфилов көчөсү 237. Катталуу 09:30 жүргүзүлөт.
 Иш-чаранын максаты, Кыргыз Республикасынын илимий жана эксперттик коому менен кабардар болуу, ошондой эле өлкөнүн экономикалык өнүгүшүндөгү маселелер боюнча эркин талкууну өнүктүрүү.
Кошумча маалымат алуу үчүн 0312 62 22 32 телефон номерине байланышыңыздар. Лекцияга кирүү эркин.



Комментариев нет:

Отправить комментарий