четверг, 17 марта 2016 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясынын жамааты жана студенттери спорттук мелдешке катышат

2016-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында баскетбол жана волейбол боюнча спорттук турнир өтөт.

         Спорттук мелдешке академиянын кызматкерлеринин, профессор-окутуучулардын курамынын жана студенттердин командалары катышат.
         Турнирде баскетбол боюнча эркектердин командасында 7 оюнчу, кыздар командасында 6 оюнчу, ал эми волейбол боюнча командаларда 6 оюнчудан ойношот.

         Спорттук иш-чара Нооруз майрамын утурлай уюштурулуп жатат. Максаты – дени сак жашоо образын кеңейтүү, рухий-маданий баалуулуктарды бекемдөө.  

Комментариев нет:

Отправить комментарий