четверг, 3 марта 2016 г.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында «Донор күнү» аталышындагы эки күндүк акция жыйынтыкталды

Акциянын максаты – Өз ыктыяры менен жамааттык кан тапшыруу. Эки күндүн ичинде академиянын 60тан ашык кызматкерлери жана студенттери өздөрүнүн канын тапшырышты. Мындан сырткары, коңшулаш Алматадан жана Кыргызстандын башка жогорку окуу жайларынан дагы келип кан тапшыргандар болду.    

Бул иш-чараны «КРПМБА Лидерлер мектебинин» студенттери демилге катары көтөрүп чыгышты.
Алардын ичинен 2-курстун студенти Гүлзари Турсунова «Мен бүгүнкү күндө донорлук кан жөнүндөгү маселе эң орчундуу экенин билем. Бул маселе мага ушул акцияны көтөрүп чыгышыма түрткү болду. Менин демилгемди студенттер жана академиянын жетекчилиги колдошту. Башкы максат – өз ыктыяры менен кан тапшырууга көңүл бөлүү, балким, биздин ушундай жардамыбыз кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап калат» - деди акциянын уюштуруучусу.









        





Комментариев нет:

Отправить комментарий