2016-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Мамлекеттик башкаруу академиясында баскетбол жана волейбол боюнча спорттук турнир
өтөт.
Спорттук мелдешке академиянын
кызматкерлеринин, профессор-окутуучулардын курамынын жана студенттердин командалары
катышат.
Турнирде баскетбол боюнча
эркектердин командасында 7 оюнчу, кыздар командасында 6 оюнчу, ал эми волейбол
боюнча командаларда 6 оюнчудан ойношот.
Спорттук иш-чара Нооруз
майрамын утурлай уюштурулуп жатат. Максаты – дени сак жашоо образын кеңейтүү,
рухий-маданий баалуулуктарды бекемдөө.
Комментариев нет:
Отправить комментарий