среда, 9 марта 2016 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенти Михаил Ломоносов атындагы россиялык стипендияны алат

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын 2-курсунун студенти Марсель Арыстанбеков Михаил Ломоносов атындагы россиялык стипендияны алат. Ал 2015-2016-окуу жылындагы жарым жылда катышуучулар арасынан жеңишке жетип, сынактын 2 турунан ийгиликтүү өткөн.  

Сынакка академиянын 27 студенти катышкан. Алардын ичинен 12 студент Михаил Ломоносов атындагы россиялык стипендияны алат. Лауреаттар «Евразиялык изилдөө институту» өнүктүрүү фондунун россиялык коммерциялык эмес комиссиясынын өткөргөн сынагынын тандоосу боюнча жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлөт.


Стипендия жогорку окуу жайлардагы студенттерге колдоо көрсөтүү иретинде окуудагы өзгөчө жетишкен ийгиликтери, илимий изилдөөлөрү, экономикалык, юридикалык жана гуманитардык илими, окуу жайдын коомдук, чыгармачылык иштерине активдүү катышкандыгы үчүн берилет.  


                 


Комментариев нет:

Отправить комментарий