понедельник, 28 марта 2016 г.

Кыргызстан «Биз миллиондогон панфиловчуларбыз» эл аралык Эскерүү вахтасын колдоду

2016-жылдын 29-мартында «Биз миллиондогон панфиловчуларбыз» эл аралык Эскерүү вахтасынын штандартын тапшыруу салтанаты өтөт. Штандартты Бишкек шаары - Саратов шаарына өткөрүп берет.

         Аталган акцияны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы КР Президентинин Аппаратынын, КР Өкмөтүнүн, Ата Мекендик согуштун Ардагерлер кеңешинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жана Улуттук гвардиянын жардамы менен уюштурууда.
Иш-чарага өлкөдөгү мамлекеттик органдардын, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, Ата Мекендик согуштун ардагерлери, генерал Панфиловдун небереси жана Саратов шаарынын өкүлдөрү катышат.
Салтанаттуу акциянын алкагында коомдук-патриоттук мүнөздөгү иш-чаралар өтөт: ардагерлер менен студенттердин жолугушуусу, илимий конференция, генерал И.Панфиловдун небересинин чыгып сүйлөөсү, РФтин Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчисинин чыгып сүйлөөсү, Саратов Мамлекеттик университетинин өкүлдөрүнүн чыгып сүйлөөсү, И.Панфилов паркындагы жүрүш КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын ардак караулунун ротасынын түзүлүшү, эскерүү митинги, гулчамбарларды коюу жана легендарлуу Панфилов дивизиясынын жышаанын тапшыруу Бишкектен-Саратов шаарына болмокчу.   
«Биз миллиондогон панфиловчуларбыз» эл аралык Эскерүү вахтасы 2015-жылы башталган. Эскерүү вахтасы 24-октябрда Оренбургда берилген.
«Биз миллиондогон панфиловчуларбыз» эл аралык Эскерүү вахта акциясынын штандарты Россия, Кыргызстан жана Казакстан шаарларына тапшырылат, ошондой эле Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эскерүү иш-чаралары өткөрүлөт.
Ата Мекендик согуш жылдарында Кыргызстан фашист баскынчылары менен болгон согушта мыкты эрдиктерди көрсөткөн. Дал ушул Кыргызстан жана Казакстанда Панфилов дивизиясы калыптанган.  
Бишкек «Биз миллиондогон панфиловчуларбыз» эл аралык эскерүү вахтасына жетинчи шаар болуп катышып калат.
Акция 2016-жылдын аягында Москва алдындагы согуштун 75-жылдыгына арналган күнү жыйынтыкталат.
Урматтуу кесиптештер, сиздерди ушул иш-чарага катышууга чакырабыз. Эл аралык Эскерүү вахтасы 29.03.2016-ж.
Дарегибиз: Бишкек шаары, Фрунзе-Орозбеков 477, КРПМБАнын 3-корпусу, № 208 зал.
Башталышы: 10:00.  

        



Комментариев нет:

Отправить комментарий