четверг, 10 марта 2016 г.

2016-жылдын 12-13-мартында шаардык кеңештин депутаттары, вице-мэрлер, шаар мэрлеринин жана шаардык кеңештин аппарат жетекчилери үчүн квалификацияны жогорулатуу боюнча семинар өтөт

Тренингдер Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын колдоосу менен Ханнс Зайдель Фонду биргеликте уюштурууда.   

Тренингдин максаты – Өздөрүнүн иш-аракетиндеги негизги багыттарды мындан ары да өнүктүрүү.
Курс 72 саатты өзүнө камтыйт. Курсту аяктагандан кийин катышуучулар мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттарды алышат.
Тренингде мыкты көрсөткүчкө жетишкен катышуучуларга Германиядан тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.






Комментариев нет:

Отправить комментарий