среда, 2 марта 2016 г.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында «Донор күнү» акциясы башталды

Кан алууну иш жүзүнө ашыруу үчүн атайын Республикалык Кан борборунун он кишиден турган курамы келди. Алар алгач кан берүүчүлөрдүн кан басымын, кан өлчөмүн, кандын кайсы топто экенин жана башка параметрлерин аныктап чыгышат.    

Кан тапшырууга чейин кан берүүчүлөргө сюрприз катары ысык чай жана шоколад берилет.
Кан тапшыруучу процесс тыкандык менен жүргүзүлүп, донорго 450 миллиграмм кан алынып жатты.
«Мен биринчи жолу кан берип жатам. Эң негизги максатым, канга муктаж болгон адамдарга жардам кылуу. Мүмкүн менин каным кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап калат» - деди КРПМБАнын 1-курсунун студенти  Ренат Жусупов.
Акцияга Мамлекеттик башкаруу академиясынын кызматкерлери, мугалимдери жана студенттери катышууда.
Эске салсак, кан тапшыруу акциясы 2-3-март күндөрү саат 10:00дөн 14:00гө чейин болмокчу.  












Комментариев нет:

Отправить комментарий