вторник, 15 марта 2016 г.

«Биз миллиондогон панфиловчуларбыз»: Кыргызстан эл аралык эскерүү вахтасын колдойт

2016-жылдын 16-мартында Екатеринбургда эскерүү вахтасынын штандартын тапшыруу салтанаты өтөт. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын өкүлү Бишкекке акциянын символун – штандартты алып келет.  


Екатеринбургдагы иш-чаранын уюштуруучулары «Урал-Евразия» эксперттик клубу жана Урал федералдык университети.
Иш-чаранын алкагында штандартты тапшыруу салтанатына генерал В. Панфиловдун небереси, шаардык кеңештин ветерандары, ошондой эле Екатеринбург шаарынын эки жүзгө жакын коомдук өкүлдөрү жана катышуучулар катышат.    
2015-жылы «Биз миллиондогон панфиловчуларбыз» эл аралык эскерүү вахтасынын коомдук кыймылы башталган. Эскерүү вахтасы Оренбургда берилген.   
«Биз миллиондогон панфиловчуларбыз» эл аралык эскерүү вахта акциясынын штандарты Россия, Кыргызстан жана Казакстан шаарларына тапшырылат, ошондой эле Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эскерүү иш-чаралары өткөрүлөт.
Ата Мекендик согуш жылдарында Кыргызстан фашист баскынчылары менен болгон согушта мыкты эрдиктерди көрсөткөн. Дал ушул Кыргызстан жана Казакстанда Панфилов дивизиясы калыптанган.  
Бишкек «Биз миллиондогон панфиловчуларбыз» эл аралык эскерүү вахтасына жетинчи шаар болуп катышып калат.
Акция 2016-жылдын аягында Москва алдындагы согуштун 75-жылдыгына арналган күнү жыйынтыкталат.





Комментариев нет:

Отправить комментарий