среда, 16 марта 2016 г.

КРПМБАнын студенттери убакытты туура пайдалануу тренингине катышты

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери «Тайм менеджмент – убакытты туура сарамжалдоо» темасындагы тренингге катышты. Тренингди академиянын студенттери үчүн Карьера жана лидерлик борбору уюштурду.

Тренингдин машыктыруучусу, Жергиликтүү кеңештин депутаты Каныбек Сарымсаков бир сааттын ичинде студенттерге жеке жарандардын убакытты туура пайдалануусу, бир күндүк ишке бөлүнгөн убакыт ж.б. тууралуу толук маалымат берди.

 «Биз бул тренингди 2010-жылдан бери өткөрүп келе жатабыз. Убакытты сарамжалдай билүү боюнча тренингдер жалгыз болбошу керек. Бүгүн академиянын студенттери берилген тапшырмаларды тартынбастан мыкты аткарышты. Катышуучулардын көпчүлүгү позитивдүү жаштар экен», - деди машыктыруучу Каныбек Сарымсаков.
 Ошондой эле ал аталган тренингдер бир сааттык эмес, 3-4 күндүк болушун каалады. Себеби, адам толук маалыматка ээ болуш үчүн бир саат аздык кылаары анык.









Комментариев нет:

Отправить комментарий