среда, 16 марта 2016 г.

Бишкек эл аралык эскерүү Вахтасына катышкан жетинчи шаар болду

Бүгүн, 2016-жылдын 16-мартында Урал федералдык университетинде «Биз миллиондогон панфиловчуларбыз» эл аралык Эскерүү вахтасынын штандартын Екатеринбургдан - Бишкекке тапшыруу салтанаты болуп өттү.  


Штандартты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын өкүлү Марат Егиналиев кабыл алды.


Акциянын штандарты Бишкекке ушул жылдын 18-мартында келет.
  
Ал эми 2016-жылдын 29-мартында эл аралык Эскерүү вахтасынын штандартын Бишкектен - Саратовго официалдуу тапшыруу салтанаты өтөт.   
«Биз миллиондогон панфиловчуларбыз» эл аралык Эскерүү вахтасы 2015-жылдын октябрь айында Оренбургда болгон. Андан соң штандартты Челябинск, Новосибирск, Алматы, Павлодар жана Екатеринбург кабыл алган. Ошентип, Бишкек штандартты жетинчи болуп кабыл алган шаар аталып калды.
Эл аралык «Биз миллиондогон панфиловчуларбыз» Эскерүү вахтасы ушул жылдын аягында Москва шаарында жыйынтыкталат.





Комментариев нет:

Отправить комментарий