четверг, 24 марта 2016 г.

«Жаш илимпоз – 2016

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы
2016-жылдын 12-майы
У1Жаштардынилимий форуму
«Жашилимпоз – 2016
Тема: «Кыргызстандын элдеринин биримдигин бекемдөө”

Миграциялык процесстердин тереңдешинин шарттарында бир нече же кээде жүздөгөн ар түрдүү элдердин, заманбап мамлекеттердин улуттук жана маданияттык жүзүнүн өзүнүн кайтарылгыс масштабынынөзгөрүшү байкалат.Улуттук чек аралардын жоюлушу болуп жатат, ошону менен бирге тилдик, маданий тосмолор, азыркы учурдагы дүйнө ааламдык айылга айланып баратат. Аталган процесстер түздөн-түз саясий кырдаалга таасир берет, парламенттик мамлекеттин түзүлүшүнө, демократияга, көп партиялуулуктун өсүшүнө өбөлгө түзөт. Бул актуалдуу практикалык көз караштарга байланыштуу улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик саясаттыниш жүзүнө ашырылышында натыйжалуу инструменттердин иштелмелеринин иштелип чыгышы боюнча маселелер пайда болот.
Өзгөчө орунда жаштарга карата мамиледе бул саясаттын өткөрүлүшүнүн керектүүлүгү бар. Анткени жаштар саясатынын чындыгынан ажыраган, фрагментардык көңүл борборунда маданият аралык, улуттар аралык сүйлөшүүлөрдүн жоктугу коомдо ар түрдүү улуттук шовинизмдин ж.б. жагымсыз окуялардын жайылышына алып келиши мүмкүн. Ошентип, башка элдердин өкүлдөрүнө болгон толеранттуулук мамиленин өнүгүшүнө карата саясаттын реализацияланышы Кыргыз Республикасында азыркы шарттарда улуттук артыкчылыктарда өзгөчө орунда болушу керек. Ошондой эле этностордун жана маданияттардын көп түрдүүлүгүн кабыл алуу улуттук байлык менен коомдук өнүгүштүн кыймылдаткычы, достук менен жалпы ишенимдүүлүк чөйрөсүнүн пайда болушу азыркы учурда Кыргыз Республикасында улуттук артыкчылыктарды билдиргендей болушу керек.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы Тарых жана маданият жылына карата “Көп улуттуу коомдо элдердин биримдигин бекемдөө” деген темада У1 Жаштар илимий форумун өткөрөт.
Бул форумдун максаты студенттик коомчулук ортосундагы ачык талкууну уюштуруу болуп эсептелет. Ошондой эле жаш илимпоздор, эксперттер, мамлекеттик түзүмдөр менен коммерциялык уюмдардын жыйынтыктары жана мамлекеттик саясатта улуттар аралык мамилелер алкагында мамлекеттик саясаттын перспективасы катарында практикалык сунуштардын берилиши Форумдун резолюциясы катарында берилиши болуп саналат.
Конференция төмөнкүдөй багыттардын негизинде болот:
1.      Мамлекеттик саясаттын улуттар аралык мамилелеринде укуктук жана институционалдык аспектилеринин ишке ашырылышы.
2.      Элдердин биримдигин чыңдоодо тилдин ролу жана тилдик ар түрдүүлүк.
3.      Маданияттын көп түрдүүлүгү азыркы мамлекеттерде улуттук байлыктын көбөйүшүнүн фактору катарында.
4.      Жаштардын чөйрөсүндө жалпы коомдук иденттүүлүктүн
( өзүнчөлүүлүктүн) жана толеранттуулуктун калыптанышы. 
5.      Ааламдашуу шарттарында Кыргызстандын элдеринин тарыхый-маданий мурасы.
Форумдун жумушчу тили: кыргыз, орус жана англис тилдери.
Катышуу формасы: күндүзгү.
Региондон келген баяндамачылар үчүн видеоконференциянын технологияларынын жардамында аралык байланышта баяндама жасоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Катышуу үчүн арыз берүүнүн талаптары:
1.      Баяндаманын мазмуну жогорудагы маселелердин бирине туура келиши керек.
2.      Катышуучунун арызы 2016-жылдын 1-апрелине чейин электрондук вариантта(каттоо формасы), ал эми илимий макаласы 2016-жылдын 20-апрелинде төмөнкү электрондук дарек аркылуу жөнөтүлөт:________________
3.      Чыгып сүйлөө үчүн  регламенти: пленардык отурумда -15-20 мүнөт, секцияларда – 10 мүнөт.
Баяндамаларга талаптар:
1.      Баяндаманын тексти 6-7 беттен турушу керек.
2.      Материалдын жогорку оң бурчуна автор тууралуу маалыматтар(Аты-жөнү, атасынын аты, курс, тайпасы, байланыш телефону жана электрондук дареги) жана илимий жетекчиси (аты-жөнү,атасынын аты, байланыш телефону, электрондук почтасынын дареги, кызматы, иштеген жери, илимий даражасы, наамы).
3.      Илимий баяндаманын аталышы чоң тамгалар менен, тырмакчага алынбай, чекит коюлбай, чийүү-сызуусуз, ташымал, эч кандай чекит коюлбай жазылат.
4.      Шрифт - ______________шрифти, шрифтин көлөмү -12, сап ортосундагы аралык – 1.
5.      Беттердин параметрлери – 3см оңдон, 2см төмөндөн жана жогортон, абзацтык чегинүүсү – 1,25см, кеңдиги боюнча тегиздөө керек.
6.      Адабияттардын тизмеси текстте шилтеме катарында номер коюлат. Шилтемелер чарчы кашаага алынат. Мисалы,3, 5.7.
7.      Ар бир булактын библиографиялык көрсөткүчүтөмөнкүдөй негизде жазылышы керек. Автордун аты-жөнү, илимий публикациянын аталышы, чыккан жылы, чыккан басмасы, беттери. Мисалы, Абдынасыров У.Т. Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын базарынын өсүшүнүн келечеги жана стратегиясы. Бишкек: Илим, 20098. -280с.

Катышуучулардын эсине:
Баяндамалардын тексттери рецензиялангандан кийин редколлегиянын чечиминин негизинде КРПМБАнын расмий блогунда электрондук макалалардын жыйнагына жайгаштырылат.
            Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы конференцияга катышкандардын жол акысын жана жашоо үчүн чыгымдарын төлөп бербейт.
            Сиздер конференция тууралуу толук маалыматтарды алуу үчүн төмөнкү сайтка кирип алсаңыздар болот:___________________
жана берилген телефон аркылуу байланышсаңыздар болот: 996 312 66 53 47.
Конференция 2016-жылдын 12-майында саат 9.00дөн 17.00гө чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында болот. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Панфилов көчөсү – 137, 208-ауд.

Каттоо формасы
Фамилиясы

Аты

Атасынын аты

Автордун окуган жери(уюмдун аталышы)

Курс, тайпа

Дареги

Үй телефону, уюлдук телефону

Е-майл

Илимий жетекчинин аты-жөнү, атасынын аты

Иштеген жери, кызматы

Илимий даражасы

Илимий наамы

Жумушчу телефону, үй, уюлдук телефону

Баяндаманын темасы






Комментариев нет:

Отправить комментарий