четверг, 24 марта 2016 г.

МААЛЫМАТ КАТ

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы «Жусуп Баласагындын мурасы жана мамлекеттик башкарууну өркүндөтүүнүн маселелери» (кыргыз-түрк ойчулу Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган) деген темада 2016-жылдын 25-майында өткөрүлүүчү илимий-практикалык конференцияга бардык кызыккан адамдарды катышууга чакырат.

Жусуп Баласагындын поэтикалык мурасы «Куттуу билим» кыргыз жана түрк адабияты менен тарыхынын эбегейсиз эстелиги катарында эсептелет. Атактуу ойчул, даанышман акын, орто кылымдагы  Караханиддер мамлекетинин мыкты мамлекеттик ишмери урпактарга улуу мурас калтырып кетти. Ошондой эле бул атактуу чыгармасы мамлекетти жана элди акыйкат башкаруунун ыр түрүндөгү формасы деп айтууга болот.Чыгармада биринчи жолу түрк жазма адабиятында адам жашоосунун маани-маңызы, милдеттери, нормалары, коомдогу жүрүш-туруш адеби тууралуу маселе айтылат. Ошол мезгилдеги хан сарайындагы өкүмдарлардын, чиновниктердин ар түрдүү категориясы менен кызматчылардынсапаттары мүнөздөлөт. Аталган дастан ошол учурдагы коомдук тартиптердин акыйкаттуулугун түшүнүктүү чагылдырган жана Караханиддер мамлекетинин башкаруучулары үчүн өтө актуалдуу мааниге ээ болгон. Орто кылымда түрк дүйнөсүнүн доору тууралуу талдоо чыгармада ишенимдүү түрдө далилденген.Автордун көптөгөн ойлору менен кеп-кеңештери азыркы учурда да абдан актуалдуу. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусун жакшыртуу менен мамлекеттүүлүктүн көйгөйлөрүн теориялык жана практикалык жактан изилдөөдө өзүнчө негиз катарында кызмат кылат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын башкы максаты мамлекеттик түзүлүшүнө, бийлик органдары менен башкарууга ишеним көрсөтүү менен акыйкаттуулукка негизделген. Конференция Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусун жакшыртуу боюнча сунуштарды жана талаптарды иштеп чыгуу үчүн жана анын ишине кызматташтык кылууга кызыгдар бардык адистерди, тарых, философия, саясат таануу, экономика, мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу боюнча эксперттерди чакырат.
Конференциянын максаты: Жусуп Баласагындын чыгармачылык мурасын ар тараптуу талкуулоо. Акындын мурасын заманбап тажрыйбада колдонуу боюнча үгүттөө иштеринде жана окутууда сунуш-талаптарды иштеп чыгуу, мамлекеттик башкаруу менен заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүү үчүн мурастын актуалдуу аспектилерин изилдеп чыгуу.
Талкуулоо үчүн сунушталган темалар:
·      Жусуп Баласагындын «Куттуу билим» дастанынын тарыхый жана маданий келип чыгуу негиздери;
·      Жусуп Баласагындын доорундагы коом жана мамлекет;
·      Ар түрдүү категориядагы мамлекеттик кызматкерлерге талаптардын социалдык-философиялык жана коомдук-саясий мааниси;
·      «Куттуу билим» жана Ислам;
·      Кыргыз Республикасынын коомдук-саясий, социалдык-маданий, экономикалык өнүгүшүнүн актуалдуу маселелери;
Конференциянын жумушчу тилдери: кыргыз, орус жана англис тилдери.
Катышуу үчүн арыз берүүнүн талаптары:
1.      Жогоруда аталган көйгөйлөрдүн бирине баяндамалардын мазмунунун туура келиши.
2.      Тезистер (200 сөздөн ашпашы керек) жана арыздар ушул жылдын 1-апрелине чейин электрондук вариантта кабыл алынат. 2016-жылдын 1-майына чейин төмөнкүдөй электрондук дарек менен жөнөтүүгө болот: departament-don@apap.kg.
Конференцияга катышуу үчүн арызда сөзсүз түрдө баяндаманын темасын, автордун өздүк маалыматтарын (аты-жөнү, иштеген жери менен кызматы, илимий даражасы, илимий наамы), байланышуу маалыматтары (телефон, электрондук дареги) туура берилиши зарыл.
3.      Сүйлөө регламенти: пленардык отурумда – 15-20 мүнөт; секцияда 10 мүнөткө чейин убакыт берилет.
Баяндамалардын тексттерин жасалгалоо талаптары:                               
1.      Баяндаманын текстинин көлөмү – 6-7 беттен турат.
2.      Автор жөнүндө маалыматтар (аты-жөнү, байланышуу телефондору, электрондук почтанын дареги, кызматы, иштеген жери, илимий даражасы, наамы) кыргыз, орус  жана англис тилдеринде барактын оң жагынын жогорку бурчунда берилиши керек.
3.      Илимий баяндамалардын аталышы баш тамгалар менен башталып, тырмакчага алынбай,эч кандай белги коюлбай  кыргыз, орус жана англис тилдеринде жазылат.
4.      Аннотация 100-150 белги жана ачкыч сөздөрдөн турат, кыргыз, орус жана англис тилдеринде берилет.
5.      Шрифти – Times New Roman, шрифтин көлөмү – 12, саптын аралыгы – 1.
6.      Беттеринин өлчөмдөрү сол жагынан – 3 см, оң жагынан – 1 см, абзацтык чегинүү – 1,25 см, туурасынан теңдөө керек.
7.      Пайдаланылган адабияттар текстте берилген шилтемелердин берилиш тартибине карата номерленет [3], [5,7].
8.      Ар бир пайдаланылган булактардын библиографиялык берилиши: автордун аты-жөнү, публикациянын аталышы, чыккан жылы, басманын аталышы, беттери берилет. Мисалы, Абдынасыров У.Т. Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар базарынын өнүгүш перспективасы жана стратегиясы. – Бишкек: Илим, 2009, -280 с.
9.      Баяндаманын текстинде кетирилген грамматикалык жана башка катачылыктар үчүн автор өзү жоопкерчиликтүү болот.
Катышуучулардын эсине:
Конференциянын катышуучуларынын баяндамалары редколлегиянын чечими менен конференциядан кийин чыгарылат.
Сиздер конференция тууралуу сайттан толук маалыматтарды алсаңыздар болот: www.agupkr.blogspot.com, телефон (0312) 66 53 47 (илим сектору).
Конференция 2016-жылдын 25-майында саат 17.00гө чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында өткөрүлөт.
Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Панфилов көчөсү – 237, 208-аудитория.
Каттоо анкетасы

Аты-жөнү

Илимий даражасы

Наамы

Иштеген жери

Иштеген жери менен кызматы

Байланышуу телефондору

Электрондук почтанын дареги

Илимий баяндамалардын аталышы



Комментариев нет:

Отправить комментарий