пятница, 4 марта 2016 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери «Санжыралуу сармерден» кыз-жигит айтышына катышты

2016-жылдын 2-мартында Тарых жана маданият жылына карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Ишеналы Арабаев атындагы Мамлекеттик университети биргелешип уюштурган республикалык жогорку окуу жайлар ортосундагы «Санжыралуу сармерден» аттуу кыз-жигит айтышы өткөрүлдү.   

Бул иш-чарада Мамлекеттик башкаруу академиясынын жигиттер командасы менен Кыргыз мамлекеттик искусство университетинин кыздар  командасы атаандаштык кылышты.   
Иш-чаранын алкагында катышуучулар ата-бабабыздан келе жаткан нукура кыргыз салтын, маданиятын даңазалап, ыр-күү, макал-лакап, табышмак, жаңылмач айтышып, окуу жайлар ортосунда достук, ынтымак көпүрөсүн курушту.
«Санжыралуу сармерден» таймашын КРПМБАнын Тилдер кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучусу Гүлайым Урусова жана Лидер жаштар клубунун башчысы Айбек Теңизбаев уюштурду.
Кыз-жигит айтышынын жыйынтыгында кыздар тобу жеңишке ээ болуп, жеңүүчүлөргө академиянын администрациясы тарабынан даярдалган грамоталар тапшырылды.  



Комментариев нет:

Отправить комментарий