среда, 16 марта 2016 г.

КРПМБАда «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн байыркы жолдору» темасында конок лекция өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында тарых илимдеринин доктору, профессор Сынара Алымкулова «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн байыркы жолдору» аталышында конок лекция окуду.


Иш-чара Президенттин Тарых жана маданият жылы деп жарыяланган жарлыгынын негизинде уюштурулду.
Конок лекциянын алкагында лектор студенттерге кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн басып өткөн байыркы жолдорун изилдеген илимий экспедиция тууралуу маалымат берди.
Экспедицияны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен Улуттук илимдер академиясынын Президиуму уюштурган. Ага белгилүү археологдор, адабиятчылар, эксперттер, окумуштуулар ж.б. катышып, Алтай, Тува, Хакасиядагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы менен байланышкан эстеликтер менен таанышып чыгышкан.
  Иш-чараны Карьера жана лидерлик борбору уюштурду. 








Комментариев нет:

Отправить комментарий