вторник, 8 марта 2016 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясынын баскетбол боюнча кыздар курама командасы Универсиада - 2016 кубогунан биринчи орунду алышты

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын баскетбол боюнча кыздар курама командасы республикалык жогорку окуу жайлар арасында өткөрүлгөн Универсиада  – 2016 кубогуна катышып, 1-орунду жеңип алышты.

Универсиадага бардыгы болуп 20 команда катышты. Оюндун жыйынтыгында Мамлекеттик башкаруу академиясынын 1-2-3-курсунун студенттеринен куралган кыздар командасы 1-орунду алып, биринчи лигага чыгышты. Кыздар курама командасынын капитаны: «Атаандаш командалар абдан күчтүү болду. Баардык командалар мыкты даярдыкта келишиптир. Биздин аракетибиз, татыктуу оюн көрсөткөнүбүз жеңишке алып келди», - деди Айгерим Эшалиева.

Бул КРПМБАнын баскетбол боюнча кыздар курама командасынын алгачкы жеңиши.   
Оюндун соңунда КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров жеңүүчүлөрдү куттуктап, академиянын төш значокторун жана кепкаларын эстелик катары белекке берди.


Аталган спорттук иш-чара жаштарды, студенттерди дени сак сергек жашоого үндөп, эл аралык студенттер арасындагы таймаштарга даярдык көрүүгө өбөлгө түзөт.  



Комментариев нет:

Отправить комментарий