среда, 16 марта 2016 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери белгилүү акындар менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу академиясында Тарых жана маданият жылынын алкагында Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата поэзия кечеси уюштурулду.  

Поэзия кечисинде акын, публицист, котормочу Марк-Абай Ааматов, акын, манасчы Жылдызбек Турсунбаев, поэзия форумдарынын катышуучусу Алтынай Иманбекова жана тарых илимдеринин доктору Айдаркул Кочкунов агайыбыз конок катары чакырылып, студенттерге тарых, маданият, кыргыз адабиятында камтылган маселелер тууралуу кызыктуу маек курушуп, акындар авторлук ырларын окуп беришти.

Иш-чаранын алкагында студенттер өздөрү чыгарган ырларын окуп, кеченин конокторуна суроолорун узатышты. Акындар иш-чарага активдүү катышкан студенттерге өздөрүнүн кол тамгалары коюлган китептерин белек кылышты.  
Поэзия кечесин КРПМБАнын Китепкана жана Илимдер бөлүмү биргеликте уюштурду.














Комментариев нет:

Отправить комментарий