четверг, 31 марта 2016 г.

Магистранттар Турциянын белгилүү профессору менен жолугушту

Бүгүн 2016-жылдын 31-мартында Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Ханнс Зайдель Фондунун биргелешкен магистрдик программасынын магистранттары Турциянын белгилүү коомдук ишмери, Анкарадагы Жакынкы чыгыш техникалык университетинин академиги, профессору Хусеин Багчы менен жолугушту.  


Профессор Хусеин Багчы Эл аралык мамилелер факультетинин деканы. Ал 7 китептин, 200 монографиянын ээси, статьялары дүйнөдөгү 14 тилге которулган.
Анын эл аралык темадагы лекциялары бир гана Турциянын мамлекеттик кызматкерлери үчүн эмес, башка чөйрөдөгүлөр үчүн да белгилүү.



Жолугушуунун жүрүшүндө профессор мырза катышуучуларга Кыргызстанга келген таасирин, дүйнөнүн 111 өлкөсүндө болгонун, жасаган эмгектери жана билим берүү системасындагы тажрыйба алмашуу, ошондой эле Турция менен Кыргызстан ортосундагы кызматташуу ж.б. тууралуу айтып берди.



Комментариев нет:

Отправить комментарий