четверг, 24 марта 2016 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясында «Борбордук Азия өлкөлөрү ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу чөйрөсүндө» аталышындагы биринчи тегерек стол өтөт

2016-жылдын 26-27-март күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү Мамлекеттик башкаруу институттарынын «Борбордук Азия өлкөлөрү ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу чөйрөсүндө» темасында биринчи тегерек столу өтөт.  

Иш-чаранын максаты - Борбордук Азия өлкөлөрү ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу чөйрөсүнө салым кошуу.
Баварияга болгон таанышуу иш-сапарына даярдыктар “Бавариядагы Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу. Бавариядагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу. Бавариядагы мурдагы жана азыркы административдик реформаларга болгон аракеттер” темаларында болмокчу.    

Тегерек столго Академиянын/Мамлекеттик башкаруу институттарынын өкүлдөрү катышаары пландалууда: Кыргыз Республикасы, Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик агенттиктердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер.

  Тегерек столдун алкагында Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын окутуу чөйрөсүндөгү квалификацияны жана дараметти жогорулатуу тууралуу маселелер кенен кругда талкууланат.

                Иш-чарада Борбордук Азиядагы жогорку окуу жайлардын өкүлдөрүнүн: Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Ханнс Зайдель Фонду өкүлчүлүгүнүн докладдары окулат.
Тегерек столдун жыйынтыгында катышуучулар Борбордук Азия өлкөлөрү ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу чөйрөсү боюнча резолюция кабыл алышат.
Иш-чарага Президенттин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышат.
  


Комментариев нет:

Отправить комментарий