среда, 6 апреля 2016 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери 7-апрель элдик-революция күнүнө карата иш-чарага катышты

2016-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери 2010-жылдын 7-апрелинде болуп өткөн элдик-революция күнүнө карата иш-чарага катышып, аталган окуя тууралуу кенен маалымат алышты.   

Иш-чараны Регламент жана иш-кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Калипа Омуралиева ачып, алгач 1 мүнөттүк эскерүү жарыялады.
«Кыргыз эли башынан нечендеген оор күндөрдү өткөрдү. Силер кыргыздын жараны, келечектеги мамлекеттик кызматкерлер катары өзүңөрдүн тарыхыңарды мыкты билүүгө тийишсиңер. Ошондуктан, 7-апрель өндүү тарыхый окуялардын себептерин, элдин толкундоосунун максатын биле жүргүлө жана ак менен караны айырмалаган чынчыл адам болууга умтулгула», - деди Калипа Омуралиева.  




Ошондой эле, проректор Марина Омурбекова бүгүнкү айтылып жаткан маалыматтар студенттердин келечектеги жашоосуна жакшы таасирин тийгизишин, өлкөдө эч качан согуш болбоосун каалады.



Иш-чаранын жүрүшүндө саясат таануу илимдеринин кандидаты, доцент Марат Егиналиев студенттерге 2002-жылдагы Аксы окуясы, 2005-жылдын 24-мартындагы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик-революция окуялары тууралуу айтып берди.   



«Бүгүн биз 7-апрелдин босогосунда турабыз. 2010-жылдын 7-апрелинде болуп өткөн элдик-революцияга 2002-жылдагы жана 2005-жылдагы элдин толкундоолору түрткү болгон. Бийликке болгон элдин мурдагы ишеними  жоголгон. Элибиз ак менен караны айырмалай баштаган. Бийлик башында тургандардын үй-бүлөлүк кланы элге берген убадасын аткарбастан, стратегиялык обьектилерди мыйзамсыз сатууга, жылуулук жана уюлдук байланыштарынын тарифтерин кымбаттатууга жол беришкен. Жыйынтыгында, бийликке каршы чоң толкун 6-апрелде жер-жерлерде башталып, 7-апрелде бийлик кулаган. Кайсы гана төңкөрүш болбосун, элдин максаты – экономикасы өнүккөн суверендүү мамлекетти куруу болгон», - деди Марат Егиналиев.  

Иш-чаранын аягында Карьера жана лидерлик борборунун директору Эльмира Джаныбековна студенттерге жаркын келечек, тынчтык жана эгемендүү Кыргызстаныбыздын өсүп-өнүгүшүн каалады. 




Комментариев нет:

Отправить комментарий