среда, 27 апреля 2016 г.

Магистранттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде болуп келишти

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Ханнс Зайдель Фондунун биргелешкен магистрдик программасынын магистранттары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде болуп келишти.


Визиттин максаты – кыргыз парламентинин түзүлүшү жана аткарган иш-аракеттери менен таанышуу, жаштардын саясый активдүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу.
         Магистранттар парламенттин бардык белгилүү жерлеринде болушту жана Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин пленардык отурумуна катышышты.  

   Парламент менен таанышуу учурунда магистранттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мээрбек Мискенбаев менен жолугушту. Эл өкүлү аларга парламенттин аткарган иштери, комитеттер жана мыйзам чыгаруунун жол-жоболору жөнүндө айтып берди. Магистранттарда кызыккан суроолорун берип, жооп алууга жакшы мүмкүнчүлүк болду.  






Комментариев нет:

Отправить комментарий