понедельник, 18 апреля 2016 г.

«Ак турналар» аскердик ырлардын фестивалы

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында «Ак турналар» аталышындагы аскердик ырлардын фестивалынын тандоо туру болуп өттү. Иш-чараны «Евразиялыктар – жаңы толкун» фонду жана академия биргелешкен өнөктөштүктө уюштурушту.




Сынакка Кыргызстандын беш жогорку окуу жайынын студенттери катышты. Иш-чаранын максаты - жалаң согуш жылдарына байланышкан чыгармаларды аткаруу менен согушта курман болгондорду эскерүү, маданий мурастарды сактоо.    
Катышуучулардын аткарган чыгармалары залда отургандарды толкундантып, өзгөчө эмоция тартуулады.











Жыйынтыгында Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттеринин хору, А.Токтоналиев атындагы БФЭТтин студенттери жана И.Арабаев атындагы Мамлекеттик университетинин студенти финалга өтүп, «Евразиялыктар – жаңы толкун» фондунун атынан белектерди алышты. Ал эми КРПМБАнын студенти Алманбет Ырысалиев «Жеңиш күнү» ыры үчүн калыстар тобунун атайын белегине ээ болду.
Ошондой эле, жеңүүчүлөр 9-май Улуу Жеңиш күнүнө арналган майрамдык гала-концертке катышмакчы. Фестиваль 9-майдагы Улуу Ата Мекендик согуштун бүткөнүнө 71 жыл болгонуна карата өтө турган майрамдык иш-чаралардын алкагында өткөрүлдү.
         «Ак турналар» аскердик ырлардын фестивалы Кыргызстандагы жаштардын чыгармачылыгын өнүктүрүүгө жана тарыхый баалуулуктарды сактоого багытталган коммерциялык эмес иш-чара.
          



Комментариев нет:

Отправить комментарий