вторник, 5 апреля 2016 г.

2016-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Д.Ф.Устинов атындагы «Военмех» Балтика мамлекеттик техникалык университети Ниет протоколуна кол коюшту

Бул макулдашуу «Евразиялык экономикалык келечек» форумунун алкагында жогорку окуу жайлар-өнөктөштөр ортосундагы өнөктөштүктү өркүндөтүүнү иш жүзүнө ашырууга кошкон практикалык салым болуп эсептелет.   
  

         Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмаз Насыров жана Д.Ф.Устинов атындагы «Военмех» Балтика мамлекеттик техникалык университетинин ректору Константин Иванов кол коюшту. 
         Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап кызматташтыктагы мүмкүнчүлүктөр, конструктивдүү мамилелер тууралуу маектешти.
         КРПМБА менен «Военмех» Балтика мамлекеттик техникалык университетин көп жылдык достук байланыштырат жана учурда бул мамилени жаңылоого - өлкөнүн ортосундагы билим берүү байланыштарындагы жаңы бутактарды өнүктүрүүгө кезек келип отурат. 



Академиянын ректору Алмаз Насыров: «бүгүн кызматташтыкка жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат, баса белгилесек, ЕАЭС алкагындагы  интеграциялык процесстердин форматында. Андан сырткары, биз биргелешип өз ара аракеттешүүгө жана эксперттик коомдоштукту бекемдөөгө кызыктарбыз. Эки жогорку окуу жайдын биргелешкен байланыш аянтчасын түзүү үчүн эки тараптын каалоосу жана өз ара түшүнүшүүсү керек», - деди. 
Аны менен катар ректор Алмаз Насыров өзүнүн кесиптеши Константин Ивановду «Вестник Академии» журналынын редакциялык жамаатына кирүүсүнө чакырды, бул журнал өткөн жылы – ЕАЭСтеги мыкты мезгилдүү басылма аталган.
 Өз ара пайдалуу өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү боюнча эки жогорку окуу жайдын башчылары жалпы келишимге келип, билим берүү, илимий-изилдөө жана маданият жаатында кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту.
«Военмех» Балтика мамлекеттик техникалык университетинин ректору Константин Иванов: «бул Макулдашуу кезектеги жаңы изилдөөлөргө, жогорку деңгээлдеги ачык-айкын сунуштарды иштеп чыгууга түрткү берет», - деген оюн билдирди.
КРПМБА ректору Алмаз Насыров «Евразиялык экономикалык келечек» форумунда энчилүү эстелик медалы менен сыйланган.   
         Эки тараптын Макулдашуусуна кол коюлгандан кийин Д.Ф.Устинов атындагы «Военмех» Балтика мамлекеттик техникалык университетинин ректору Константин Иванов академиянын студенттерине «Билим берүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү» темасында конок лекциясын окуду.







Комментариев нет:

Отправить комментарий