вторник, 12 апреля 2016 г.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын «Мисс КРПМБА» сулуусу аныкталды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттик жашоосунда шоу программадагы «Мисс КРПМБА» сулуулар сынагы болуп өттү. Сынак Бишкек парк эс алуу борборунда уюштурулду.  



 Иш-чарага бардыгы болуп академиянын 12 студенти катышты. Сынактын шарты боюнча катышуучулар: дефилье, улуттук кийим, кечки көйнөк, өз өнөрүн көрсөтүү, интеллектуалдык суроо-жооп боюнча күч сынашты.
Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен «КРПМБА Мисси» - 1-курстун студенти Айтолкун Чыныбековага ыйгарылды.


Ал эми 1-вице мисс – Айжан Мелсбековага, 2-вице мисс – Бермет Маразыковага берилди.


Бул иш-чара катышуучулардын сулуулугун гана аныктабастан, ар бир бийкечтин талантын, актерлук чеберчилигин, аң-сезимин, билимин текшерген, ошондой эле ар тараптуу өнүккөн адам катары өзүн көрсөтө алганга мүмкүнчүлүк болгонун далилдеди.










Бардык катышуучулар күчтүү даярдыкта келгендигин калыстар тобу баса белгиледи. Сынактын аягында катышуучулар: Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон мисс, Грация мисси, Жарашыктуу жылмаюу мисси, Мыкты артисттик чеберчилик мисси, Интеллект мисси, Ажарлуу мисс, Таланттуу мисс, фитнес мисси номинацияларына ээ болушуп, сыйлыктар менен сыйланышты.  
  





Комментариев нет:

Отправить комментарий