понедельник, 11 апреля 2016 г.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана КР Кинематографисттер Союзунун колдоосу менен «Каратегинге кат» толукметраждуу жаңы кинотасмасы көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери жана профессордук-окутуучулук курам Тажикстандын Каратегин аймагындагы Жерге-Тал кыргыздары тууралуу тартылган «Каратегинге кат» документалдуу, толукметраждуу жаңы кинотасмасынын бет ачаарына катышып келишти.

Тасманы - журналист, фотограф жана документалист Жаңыл Жусупжан тарткан. Анын тагдырдын тамашасы менен мурдагы жана азыркы супердержавалардын, жаңы мамлекеттердин кыл өтпөгөн чек араларынын ар жагында калган кыргыздардын турмушу тууралуу жергиликтүү жана эл аралык ЖМКларга жарыяланган жан дүйнөнү козгогон, кызыктуу, изденүү менен жасалган радио репортаждары, сериялык фото сүрөттөрү коомчулуктун кеңири катмарынын кызыгуусун туудуруп келет.
Фильмдин автору Жаңыл Жусупжан этникалык кыргыздар жөнүндө жергиликтүү же Кыргызстандын ЖМКсы дээрлик жазбаган бул аймактарга көп барат. Анын жасаган иштери Памирдин барууга кыйын жерлеринде же ага жакын райондордо жашаган кыргыздардын күндөлүк жашоо-тиричилигин гана ачып бербестен, алардын сезимдерин, күтүүлөрүн, ой-санааларын жана үмүттөрүн түшүнүүгө жардам берип келет.
Бул тасма анын Кыргызстанда жана Тажикстанда тарткан көп жылдык эмгегинин жыйынтыгы.




Комментариев нет:

Отправить комментарий