воскресенье, 10 апреля 2016 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясына Казакстандын магистранттары такшалмадан өтүүгө келишти

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына бүгүн 2016-жылдын 11-апрелинде, Казакстан Республикасынын Ильяс Жансуров атындагы Жетису мамлекеттик университетинин 15 магистранты 11-апрелден 17-апрелге чейин өтүүчү бир жумалык такшалмага келишти.  


Такшалма биздин академия менен түзүлгөн кызматташтыктын алкагында ишке ашырылууда. Бир жуманын ичинде казак магистранттары «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун өзгөчөлүгү», «Мамлекеттик башкаруу системасындагы мамлекеттик кадр кызматы: түзүлүшү жана уюмдун иши», «Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын реформасы» ж.б. маселелерди камтыган тренингдерге катышышат.  




Тренингдерди Мамлекеттик башкаруу академиясынын белгилүү профессор, доцент окутуучулары өтүшөт. 

Комментариев нет:

Отправить комментарий