четверг, 14 апреля 2016 г.

Санкт-Петербургда «Азыркы менеджмент: көйгөйлөр жана келечек» XI эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү

Эл аралык конференция кенен форматта Россия, Азербайжан, Армения, Белорусия, Германия, Италия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Финляндия, Франция, Эстония жана Япониянын окумуштууларынын катышуусунда өттү.

Конференция Евразиялык университеттердин ассоциациясынын алкыганда уюштурулду, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы аталган ассициациянын мүчөсү болуп саналат.
Конференциянын иши пленардык отурум, сегиз секция жана тегерек стол форматында уюштурулду. Пленардык отурумда жана секциялардын алкагында жалпысынан 130 доклад окулду.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмаз Насыров пленардык отурумда «Кызматкерлердин иш-аракеттеринин натыйжасына баа берүү жана адам ресурстарынын дараметин жогорулатуудагы актуалдуу маселелер» темасындагы докладын окуду.
Конференция бирдиктүү евразиялык илимий-практикалык аянтта менеджменттин теориялык жана практикалык маселелерин ар түрдүү функционалдык тармактарда жана ишмердүүлүктүн чөйрөлөрүндө конструктивдүү профессионалдык кеңири чөйрө үчүн талкууларды уюштура баштады.

Конференциянын катышуучулары бул иш-чара евразиялык мейкиндиктеги билим берүү жана илим жаатындагы интеграциялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошо алганына бир пикирде болушту. 


Комментариев нет:

Отправить комментарий