вторник, 12 апреля 2016 г.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кыргыз элинин маданиятын, тарыхын жана философиясын дүйнө жүзүнө көрсөтө алат

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын секретариатынын өкүлдөрү менен жолугушту.  

           Жолугушууда секретариаттын өкүлдөрү студенттерди экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына волонтер катары катышып берүүлөрүн суранышты.   





         Академиянын жетекчилиги: «Академияда бир жылдан бери өздөрүн волонтер катары сунуштаган кыймыл бар. Бул алардын лидерлик сапатын көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болуп саналат. Чоң масштабдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнө жүзүнө кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, улуттук оюндарын көрсөтө алат», - деп белгиледи.  
Ошондой эле, академиянын башчысы студенттерди өлкөнүн позитивдүү брендин өнүктүрүүгө салым кошууга жана мындай чоң долбоорго активдүү катышып, пайдалуу тажрыйба алууга чакырды.



Комментариев нет:

Отправить комментарий