2016-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик
башкаруу академиясынын студенттери 2010-жылдын 7-апрелинде болуп өткөн элдик-революция
күнүнө карата иш-чарага катышып, аталган окуя тууралуу кенен маалымат алышты.
Иш-чараны Регламент жана иш-кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн
башчысы Калипа Омуралиева ачып, алгач 1 мүнөттүк эскерүү жарыялады.
«Кыргыз эли башынан нечендеген оор күндөрдү өткөрдү.
Силер кыргыздын жараны, келечектеги мамлекеттик кызматкерлер катары өзүңөрдүн
тарыхыңарды мыкты билүүгө тийишсиңер. Ошондуктан, 7-апрель өндүү тарыхый окуялардын
себептерин, элдин толкундоосунун максатын биле жүргүлө жана ак менен караны
айырмалаган чынчыл адам болууга умтулгула», - деди Калипа Омуралиева.
Ошондой эле, проректор Марина Омурбекова бүгүнкү айтылып
жаткан маалыматтар студенттердин келечектеги жашоосуна жакшы таасирин тийгизишин,
өлкөдө эч качан согуш болбоосун каалады.
Иш-чаранын жүрүшүндө саясат таануу илимдеринин кандидаты,
доцент Марат Егиналиев студенттерге 2002-жылдагы Аксы окуясы, 2005-жылдын
24-мартындагы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик-революция окуялары тууралуу
айтып берди.
«Бүгүн биз 7-апрелдин босогосунда турабыз. 2010-жылдын
7-апрелинде болуп өткөн элдик-революцияга 2002-жылдагы жана 2005-жылдагы элдин
толкундоолору түрткү болгон. Бийликке болгон элдин мурдагы ишеними жоголгон. Элибиз ак менен караны айырмалай
баштаган. Бийлик башында тургандардын үй-бүлөлүк кланы элге берген убадасын
аткарбастан, стратегиялык обьектилерди мыйзамсыз сатууга, жылуулук жана уюлдук
байланыштарынын тарифтерин кымбаттатууга жол беришкен. Жыйынтыгында, бийликке
каршы чоң толкун 6-апрелде жер-жерлерде башталып, 7-апрелде бийлик кулаган.
Кайсы гана төңкөрүш болбосун, элдин максаты – экономикасы өнүккөн суверендүү
мамлекетти куруу болгон», - деди Марат Егиналиев.
Иш-чаранын аягында Карьера жана лидерлик борборунун директору Эльмира
Джаныбековна студенттерге жаркын келечек, тынчтык жана эгемендүү Кыргызстаныбыздын
өсүп-өнүгүшүн каалады.
Комментариев нет:
Отправить комментарий