четверг, 21 апреля 2016 г.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи, Максатбек ажы Токтомушев менен жолугушту

2016-жылдын 21-апрелинде, Тарых жана маданият жылынын алкагында уюштурулган иш-чараны Мамлекеттик башкаруу академиясы менен «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду биргелешип өткөрүштү.
«Ыйман» фонддун төрагасы Нуржигит Кадырбеков иш-чараны ачып берүү сөзүндө маданият деген сөздүн маанисине токтолуп кетти.  



«Президентибиз айткандай, маданият деген бул опера-балет теары гана эмес. Мисалы, жакшы ырдаган же жакшы бийлеген адамды маданияттуу деп айта албайбыз. Маданияттуу адам - адеп-ахлактуу, ыймандуу, жүрүм-туруму жакшы деген сөз. Ошон үчүн маданиятты кенен түшүнүш керек», - деди Н.Кадырбеков.

Жолугушуунун жүрүшүндө Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев студенттерге «Маданият, дин жана билим» темасындагы ачык лекциясын окуду.
«Исламдагы маданият биринчи тазалыктан башталат: Пайгамбарыбыз айткан, тазалык ыймандын жарымы деп. Денени, кийимди, чөйрөнү гана таза алып жүрбөстөн, жүрөктү тазалаш керек. Жүрөк бузулса, адамдын жамандыкка барганы ошол. Мусулмандар байлыгы, дүнүйөсү менен эмес, адамдык касиети, адептүүлүгү, ыймандуулугу, билими, тазалыгы менен суктанышы керек», - деп баса белгиледи Максатбек ажы Токтомушев.


Ошондой эле ажы мусулмандарга берилген көп укуктун ичинен үч укук өтө маанилүү экенин студенттерге айтып берди.   


«Эң негизгиси адам бололу, бири-бирибизди баалайлы, адамдын өзү, каны барктуу - мына ушул маданият. Мусулмандардын бири-бирине болгон укуктары өтө көп, бирок, аалымдарыбыз үч укукту айткан, эгерде ушул үч укукту аткарсаңар, бардык укуктарды аткарганга барабар сооптордун ийгиликтерине жетесиңер деген.
Биринчиси: сиз мусулмандарга пайда жеткириңиз, пайда жеткире албайсызбы, зыян жеткирбеңиз.
Экинчиси: кайда болбосун мусулмандын көңүлүн көтөрүңүз, көңүлүн көтөрө албайсызбы, аны кыжаалат кылбаңыз.
Үчүнчүсү: мусулманды мактаңыз, мактай албайсызбы, жамандабаңыз. Ушул укукту аткарууга убада берип жашаңыз. Эгерде ушуну аткарсак, Кудай кааласа, Кыргызстандын келечеги кең болот деген ишенимим бар», - деп сөзүн жыйынтыктады Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев.

      





              


Комментариев нет:

Отправить комментарий