четверг, 28 апреля 2016 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясында “Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган адабий-музыкалуу кече болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында Тарых жана маданият жылына карата белгилүү даанышман, ойчул акын Жусуп Баласагындын 1000 жылдык мааракесине  арналган “Жусуп Баласагын – 1000 жашта” деген аталышта көркөм адабий-музыкалуу кече болуп өттү.  

Иш-чарада студенттер Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” дастанынан алынган үзүндүлөрдү көркөм окуу боюнча таймашышты.
Жыйынтыгында, ГМУ-5-15 тайпасынын студенти Самудинова Гүлзара 1-орунду, ЭПУР-1-15 тайпасынын студенти Атабекова Алина 2-орунду, ЭПУР-1-15 тайпасынын студенти Айбекова Гулина 3-орунду жеңип алышты.  




Ал эми кеченин дубал гезиттер сынагында УГС-1-15 тайпасы 1-орунду, ГМУ-3-15 тайпасы 2-орунду, ЭПУР-1-15 тайпасы 3-орунга ээ болушту. Жеңүүчүлөргө калыстар тобу грамоталарды тапшырышты.
Аталган иш-чараны КРПМБАнын Тилдер кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу Г.Б.Урусова, улук окутуучу Н.М.Осмонова жана китепкана башчысы Г.Д.Токтобекова уюштурушту.






Комментариев нет:

Отправить комментарий