понедельник, 18 апреля 2016 г.

Борбордук Орто Азия өлкөлөрүндөгү аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнү күчөтүү

Казакстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын магистранттары Кыргызстанда эки жумалык такшалмадан өтүшөт. Магистранттардын такшалмасы ушул жылдын 30-апрелине чейин болот.



Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын окуу иштери боюнча проректору Марина Омурбекова Казакстандан келген магистранттарды тосуп алды.



«Академия мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо боюнча атайын билим берүүчү мекеме болуп саналат. Эки өлкөнүн жана эки жогорку окуу жайдын ортосундагы байланыштар тажрыйба алмашууну жакшыртууга чоң мүмкүнчүлүк берет», - деди М.Омурбекова.
 Ал эми Ханнс Зайдель Фондунун башчысы Майер мырза: «Такшалма биринчи жолу өтүп жаткан жок, бул аймактык кызматташтыктын жакшы жыйынтыгы. Такшалманын башкы максаты – Борбордук Орто Азия өлкөлөрүндөгү аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнү күчөтүү. Азыркы учурда Кыргызстандын магистранттары Тажикстанда такшалмадан өтүп жатат», - деп баса белгиледи.   
Такшалманын программасында магистранттар Кыргызстандын министрлик жана ведомстволорунда болушуп, алардын иш-аракеттери менен тааныша алышат. Ошондой эле белгилүү профессорлордун жана доценттердин лекцияларына катышып, магистрдик диссертациялардын көйгөйлөрүн карап чыгышат.  
         Кыргызстанга келген магистранттар Казакстандын ар кайсы аймактарынан келишкен.

        


Комментариев нет:

Отправить комментарий