среда, 27 апреля 2016 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттерине Улуу Жеңиш күнүнө карата “Саманчынын жолу” фильми көрсөтүлдү

Бүгүн, 2016-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата уюштурулган кезектеги иш-чаралардын бири – “Саманчынын жолу” фильми студенттерге көрсөтүлдү.




Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган “Саманчынын жолу” фильми студенттерди катуу таасирлентти.
Согуш жылдарындагы элдин жашоосу, айылдын турмушу, ошол кездеги адамдардын бири-бирине болгон мамилеси, эне менен баланын ортосундагы сүйүү, элге, жерге болгон сүйүү ж.б. көрүнүштөр бул тасмада кеңери жана жеткиликтүү чагылдырылган.  
“Саманчынын жолу” фильминин соңунда биздин студенттер өздөрүнүн ойлору менен бөлүшүп кетишти.




“Өзүнүн өмүрүн ойлобой, элдин келечегин ойлоп согушка катышкан чоң ата, таяталарыбызга, агаларыбызга ыраазы болдук. Бул тасма бизге согуштун апаат күндөрүн, эне менен баланын, аял менен күйөөнүн бири-биринен ажырап калганын, ошондой эле тынч жаткан ээн тала, курчап турган жаратылыш дагы согушту каалабаганын чагылдырып берген. Бизге ушундай тынч жашоону, жеңишти алып келген Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, ардагерлерибизге терең ыраазчылык билдиребиз”, - деген ойлорун айтышты.
Эске салсак, “Саманчынын жолу” фильми 2016-жылдын 26-апрелинде Бишкек Финансы Экономикалык техникумунун студенттерине дагы көрсөтүлгөн.


Комментариев нет:

Отправить комментарий