пятница, 15 апреля 2016 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясынын «Алтын Ордо» дебаттык клубу «Кайрымдуулук кубогу-2016ны» жеңип алышты

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын «Алтын Ордо» Дебаттык клубу Кыргыз-Түрк Манас университети менен «РДБ-Республикалык дебат борбору» биргеликте уюштурган кезектеги «Кайрымдуулук кубогу-2016» турнирине катышты.

Турнирдин максаты - жаштарды кайрымдуулук кылууга үндөө болуп, ал үчүн атайын кутуча коюлган. Бул турнирден түшкөн каражатты жардамга муктаж адамдарга жеткирүү негизделген.
Жалпысынан турнирге Бишкек шаарындагы он жогорку окуу жайдын студенттери катышты. Алардын ичинде Мамлекеттик башкаруу академиясынын «Алтын Ордо» дебаттык клубунан 6-команда оюн көрсөтүштү.    
Турнирдин жүрүшүндө жарым финалга академиянын 2 командасы чыгып, кызыктуу оюн көрсөтө алышты. Ал эми Аскаров Баялы жана Жусупакунов Актилек ойногон «Миньоны» командасы абсолюттук утуш менен финалга чыгып, жеңүүчү аталышты. Ошол эле учурда Аскаров Баялы мыкты спикер наамына ээ болуп, «Кайрымдуулук кубогу - 2016» кубогу жана грамоталар менен сыйланышты.


Эске салсак, бул жеңиш академиянын дебаттык клубунун 4-кубогу болуп саналат.  
«Кайрымдуулук кубогу-2016» турниринен бардык дебатчылар пайдалуу маалыматтарды гана албастан, логикалык ой жүгүртүүгө, ар бир көйгөйдүн чечүү жолдорун билүүгө, оратордук сапатты өстүрүүгө жана башка адамдардын ойлорун уга билүүгө, түшүнүүгө жол ачты.
 «Алтын Ордо» дебаттык клубунун ар бир жараткан ийгилиги академиянын имиджин көтөрүүгө багытталат.


         

Комментариев нет:

Отправить комментарий