пятница, 22 апреля 2016 г.

«Биздин эсибизде! Биз сыймыктанабыз!» аттуу тарыхый эстеликти түбөлүккө калтыруу боюнча патриоттук акция

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүнүн 71 жылдыгын белгилөө салтанатынын алкагында «Биздин эсибизде! Биз сыймыктанабыз!» аттуу тарыхый эстеликти түбөлүккө калтыруу боюнча патриоттук акциясы башталды.  
Акцияга академиянын профессордук-окутуучулук курамы, кызматкерлери жана студенттери катышат.
         Акциянын башкы урааны - «Биздин эсибизде! Биз сыймыктанабыз!» деген аталышта. Ал эми максаты – студенттердин жана жаштардын патриоттук сезимдерин ойготуу, аларды тарыхый-маданияттуулукка тарбиялоо. Эске салсак, 1945-жылдагы жеңиш – бул дүйнө жүзүнө тынчтык орноткон совет элинин эң чоң эрдиги.  
          Акциянын уюштуруучуларынын жана катышуучуларынын айтымында, аталган иш-чара фашисттер менен болгон согуштагы жеңиш күнү оңой жол менен келбегенин унутпоо керектигин белгилейт. Биздин эл ошол убактагы жоготууларга жана кыйынчылыктарга туруштук беришкенин дүйнө жүзүнө айтышыбыз керек.     
         Катышуучулар Улуу Ата Мекендик согушка катышкан өздөрүнүн жакындарынын сүрөттөрүн фотогалерея үчүн жасалгалап алып келиши керек. Ал сүрөттөр академиянын дубалына көрк берет.

«Биздин эсибизде! Биз сыймыктанабыз!» аттуу акциясына катышкан академиянын студенттери, кызматкерлери жана мугалимдери Бишкек шаарында экинчи жолу өткөрүлүүчү «Өлбөс полк» акциясына катышат. 

Комментариев нет:

Отправить комментарий