четверг, 14 апреля 2016 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясында таттуу даамдардын кайрымдуулук акциясы болду

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында студенттик өз алдынча башкаруунун социалдык сектору колго жасалган кондитердик азыктардын кайрымдуулук акциясын өткөрүштү.

Студенттер кайрымдуулук акциясында чогулган акчаны Сокулук районундагы балдар интернатына жардам катары беришмекчи.  
Буга окшогон кайрымдуулук акциялар ушул жылдын февраль айында да уюштурулуп, студенттер 4 миң сомдон ашык акча чогултушкан.
Мамлекеттик башкаруу академиясындагы студенттик жашоо ар тараптан кызыктуу. Алар окуудан сырткары, илимий конференцияларга, олимпиадаларга, эл аралык конкурстарга жана фестивалдарга, кайрымдуулук акцияларына, тегерек стол, дебат, семинар, спорттук иш-чараларга байма-бай катышып турушат.
 






Комментариев нет:

Отправить комментарий