четверг, 26 ноября 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясында «Блиц-Шериктештик» билим берүү семинарларынын сериясы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен биргеликте уюштурулган «Блиц-Шериктештик» билим берүү семинарларынын сериясы болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Шериктештик: кечээ, бүгүн, эртең» темасындагы тегерек стол, ЭКЖУ «Шериктештигинин» 2015-жылдагы иш-аракетинин жыйынтыгы, ошондой эле ЭКЖУ «Шериктештигинин» 2016-жылга карата көрсөтүлгөн долбоорлорунун бет ачаары болду.

КРПМБАнын студенттери КР ЖК өкүлдөрүнүн, КР Өкмөтүнүн алдындагы дене-тарбия жана спорт, жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрүнүн пленардык отурумуна катышты.

Ошондой эле алар ачык диалог форматындагы талкууга активдүү катышып, жаштар шериктештигинин иш-аракетин өнүктүрүү боюнча тренинге күбө болушту.






Комментариев нет:

Отправить комментарий