воскресенье, 29 ноября 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясында командалык-штабдык окутуу өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында жамааттын өзгөчө кырдаалдарга болгон даярдыктарынын деңгээлин жогорулатуу максатында уюштурулган кезектеги командалык-штабдык окутуу болуп өттү.

Академия боюнча «2015-жылга КРПМБАдагы жарандык коргоо уюму жөнүндө» буйрукту аткаруу алкагында ушул жылдын 25-ноябрында өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча командалык-штабдык окутуу өткөн, анда кызматкерлердин жер титирөө жана теракт учурундагы кыймыл-аракеттери такталды.
КРПМБА проректору Марина Омурбекова Академия өзгөчө кырдаалдарга каршы аракет-иштери боюнча документтерди кабыл алгандыгын, штаб уюмунун жана жарандык коргоонун түзүлүштөрү, ошондой эле КРПМБА кызматкерлеринин, студенттердин, мугалимдердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жарандык коргоосу боюнча көрүлчү чаралары тууралуу билдирди.  
Бул күнү кийинки командалык-штабдык окутуунун өткөрүлүүчү күнү жана анын өтүшүнө жооптуу адамдар такталды. Таратып берилчү керектүү материалдар даярдалды.








Комментариев нет:

Отправить комментарий