среда, 11 ноября 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясында «JICA» ассоциациясынын мүчөлөрүнө төш белги тапшыруу салтанаты болот

  
17-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында «JICA» ассоциациясынын мүчөлөрүнө төш белги тапшыруу аземи болот. Сыйлыкка КР Президенттик Аппаратынын, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын, Экономика министрлигинин жана Каржы министрлигинин кызматкерлери көрсөтүлгөн.

Иш-чара 2015-жылдын 17-ноярында 16:00дөн 18:00гө чейин КРПМБАнын 3 -корпусунун 2-кабатындагы №208 конференц-залда өтөт. Дарегибиз: Бишкек шаары, Панфилов көчөсү 237.   

Иш-чара Японияда окуп келген бүтүрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрүү максатында уюштурулууда. Алар Япониядан эффективдүүлүктү жогорулатуу жана өзүн-өзү өстүрүү, кыргыз-япон мамилелерин бекемдөө, алган технологиялык билимди жайылтуу жана бүтүрүүчүлөр менен Япониянын байланыштарын бекемдөө максатын көздөшкөн. Ассоциациянын мүчөлөрү болгон бүтүрүүчүлөр бири-бири менен мамиле түзүп, коомчулуктун, бийлик органдардын, өз алдынча башкаруу органдардын, ММКлардын көңүлүн буруш үчүн Кыргыз Республикасында «JICA» ассоциациясынын аянтчасын түзүү керек.




Комментариев нет:

Отправить комментарий